Бишкектин тургуну Рябова Анна Трофимовна 14-февралда туптуура 100 жашка толду.

Анна Трофимовна 1920-жылдын 14-февралында Батыш Сибирдин Красный октябрь кыштагында туулган.

Эмгек жолун 1939-жылы Чүй облусунун Калинин (Жайыл) районундагы "Колхозная труд" газетасынын редакциясынын жооптуу катчысы болуп баштаган.

1972-жылы пенсияга чыккан. "1941-1945-жж. Улуу Ата-Мекендик согуштагы күжүрмөн эмгеги үчүн" медалы менен сыйланган. Свердлов акимиатынын кызматкерлери Анна Трофимовнага роза гулдөрүн жана 10 миң сом жардам ирээтинде тапшырышты.

Белгилей кетсек, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын эсебинде 100 жаштагы жана андан улуу 20 узак жашоочу каттоодо.

Урматтуу журналисттер! Эгер сиздер дагы, шаарыбыздын узак жашоочуларына биз менен чогуу барууну кааласаңыз, райондук социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылыңыздар:

Биринчи май РСӨБ – Жибек-Жолу пр. № 495б, башчысы Абдылдаев Арсен Талапович, тел. 0700 476546;
Свердлов РСӨБ – Чүй пр., № 28, башчысы Джунусалиева Жамиляхан Базарбековна, тел. 0704 570513;
Октябрь РСӨБ – Байтик-Баатыр көч., № 17, башчысы Султанмуратова Рейна Абаскановна, тел. 0772 670917;
Ленин РСӨБ – Литвинова көч., № 2, башчысы Мамбетсеитова Бубуажар Бейшебаевна, тел 0709 997441.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!