Урматтуу шаардыктар! Таажылуувирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө максатында Бишкек шаарынын аймагында стационардык оорулуулардын абалын көрүп келгендерге убактылуу чектөө киргизилет. Тийиштүү буйрук 2020-жылы 17-март күнү шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы тарабынан басылып чыккан.

Ошондой эле борбордун медициналык уюмдарынын башкы врачтарына медициналык кызматкерлердин аракеттеринин ички алгоритмин сактоосун контролдоону күчөтүү жана стационардык оорулуулардын арасында маалыматтык-окутуу ишин жүргүзүү тапшырылды.

МСЭКБ Бишкек шаарынын бардык саламаттык сактоо уюмдары үчүн санитардык көрсөтмөлөрдү даярдайт.

Урматтуу шаардыктар! Вирустук алдын алуу эрежелерин сактоону өтүнөбүз! Массалык иш-чараларга, мааракелерге, аш-тойлорго барбоону суранабыз! Өзүңүздөрдү, жеке гигиенаны сактаңыздар! Ар бир шаардыктын түшүнүктүүлүгү баарыбызды сактайт!

Бишкек-сүйүктүү сергек шаарыбыз!