"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы жазгы отургузуу иштерин улантууда.

Биздин эмгекчил ишчилер Тыныстанов көчөсүндө Жибек Жолунан Жумабек көчөсүнө чейин 74 көчөт отургузушту.

Кечээ "Бишкекжашылчарба" ишканасы 50 түп клен багын Тыныстанов жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишине жана дагы 50 көчөттү Жаш гвардия бульварынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейин Ленинградский көчөсүн бойлой отургузулду, ал эми эки-үч күн мурун биз "Аламедин-1" кичирайонундагы Калинин көчосүндө 60 көчөт тигилген.

Отургузуу иштери күн сайын ишке ашууда.

Белгилесек, жаңы отургузуучу көчөттөр ишкананын калыбына келтирилген бакчасында өстүрүлөт.

2020-жылы Бишкек жашыл чарбасы 10 миңден ашуун жалбырактуу бактарды жана 630 ийне жалбырактуу бактарды отургузууну пландаштырган.

Бишкек- сүйүктүү жашыл шаарыбыз!