Бишкек шаарында жылуулук берүү мөөнөтү аяктады. Мындай чечим ЖЭБде күз-кыш мезгилинен өтүү боюнча ыкчам штабдын жүрүшүндө кабыл алынды. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Бишкек шаарында 2019-2020-жылдын жылытуу сезонун аякташы тууралуу буйрукка кол койду.

Буйрука ылайык Бишкек шаары боюнча 2020-жылдын март айындагы сырткы абанын температурасын эске алуу менен 2019-2020-жж жылытуу сезону 2020-жылдын 19-мартынан баштап аяктады.

Бекитилген критерийлер боюнча жылуулук менен камсыз кылуу эшикте беш күн катары менен орточо суткалык абанын температурасы +8  градустан  жогорулаганда токтотулат.

Бишкек шаарынын ЖЭБине, "Бишкек жылуулук тармагы" ААКга, "Бишкекжылуулукэнерго" КИГЕ жана ведомстволук котельныйлардын жетекчилерине борбордун жайларын жана имараттарын жылуулук менен камсыздоочу жылуулук техникалык жабдууларды өчүрүү боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!