Урматтуу шаардыктар, жарнак берүүчүлөр! 12-марттан тартып Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылыдын 19-февралында 150 - токтому менен бекитилген, борбордо сырткы жарнакты жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун жаңы эрежелери киргизилди.

Жооптуу структура болуп кайрадан жаңы түзүлгөн "Бишкекжарнама" муниципалдык ишканасы аныкталды.

Сырткы жарнакты жайгаштыруунун эрежелерине ылайык, эми Бишкектин аймагында жарнамалар реестрге киргизилген шартта жүзөгө ашырылат.

Ушуга байланыштуу, "Бишкекжарнама" ишканасы бардык ишкерлерди сырткы жарнак жана жарнамалык конструкциялардын ээлерин каттоодон өтүүсүн өтүнөт.

Жоомарт Бөкөнбаев көчөсү 145 дерегиндеги "Бишкекжарнама" муниципалдык ишканасынын кеңсесине документтердин топтомун алып келүүңүз керек.

Керектүү иш-кагаздар:

"Бишкекжарнама" муниципалдык ишканасынын мүдүрү Нургазы Жукуновдун атына арыз;

Жер участогуна, имаратка, курулушка укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтер;

Арыздануучунун өздүгүн тактоочу документ көчүрмөсү менен (жеке жактар үчүн);

Жарнамалык конструкцияга архитектуралык-техникалык корутунду (стационардык түрдө жайгаштырылган учурда);

Жарнама эскизи.

"Бишкекжарнама" муниципалдык ишканасы бардык процесстерди санариптештирүүгө даярдык жүргүзүүдө, кийинчерээк бүткүл процесстер милдеттүү түрдө онлайн режиминде болот.

Так маалымат алуу үчүн: 0(312) 314874, 0(312) 713075 телефон номурларына чалыңыз.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!