Бишкек шаарынын мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы борбор шаарды кыдырып, ММКларда жана социалдык тармактардагы даттанууларга мониторинг жүргүзүп, эрежелерин бузгандарды табууда.

Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренесине ылайык айланасындагы аймакта, тактап айтканда 10 метр аралыгында тазалыкты сактабагандыгы үчүн Тыныстанов көчөсү 189 дарегинде жайгашкан компьютер ондоочу жайга, Чуй 127 дарегиндеги "Жарнамалык дворик" ишканасына, Фучика 20/4 дарегинде орун алган "Берекет универсал" мекемесине, 7-апрел көчөсү 1а дарегиндеги "Уран бетон",Токомбаев 23/1 дарегиндеги "Дианур-Строй" жана "Аламедин-1" кичирайонундагы №5 үйдүн жанындагы "Альфа Строй" курулуш компанияларына протоколдор түзүлдү.

Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу кайрылып, "Ак-Босого" конушундагы Чүй көчөсүнүн тургундарынын белгиленбеген жерлерге турмуш тиричилигин өрттөгөнүн жазган. Ал жерге СЭИнин ыкчам тобу барып Н. К аттуу жаранга катата 71-брененин 1-бөлүгү боюнча протокол түзүшүп, 5 миң 500 сом айып салынды.

"Вега Оперейтинг Компани" компаниясы аппараттык-программалык комплексти түзүү учурунда, "Арча-Бешик" жаңы конушунун Чортеков көчөсүндөгү бак-дарактарга зыян келтирген. Компания тартип бузуулар менен макул эмес болуп, протокол административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.

Анкара 3/3 дарегиндеги "Тирүү форель" дүкөнүнүн кызматкерлери өндүрүштүк таштандыны ыргытышканы үчүн дүкөндүн ээлери 71-берененин 2-бөлүгү менен макул болушуп, протокол түзүлуп айып салынды.

Ушул эле берене боюнча Жибек Жолу проспектисиндеги арыкка суйук калдыктарын токкөндүгү үчүн тез-тамак сатуу түйүнүнө айып салынды.

Элебесов көчөсүндөгү "Интегра инжиринг групп" мекемесине курулуш объектисинен топурак калдыктарын чыгарганы үчүн 119-берененин 2 болүгү боюнча 23 миң сом айып салынды.

Белгилесек, үч айдын ичинде 2 миллион 860 миң 500 сом суммасындагы 265 протокол түзүлгөн.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Өтүнөбүз!Үйлөрдүн,мекемелердин жана ишканалардын айланасын таза кармап,калдыктарды атайын белгиленген жерлерге таштаңыздар! Эреже боюнча баарыбыз 10 метр аралыгындагы аймакты таза кармоого милдеттүүбүз!

Санитардык – экологиялык кайгуул кызматынын байланыш номурлары:

0(312) 65 81 59, 0 558 588 840.

Биринчи май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 500 210 470;

Ленин району: 0500 085 580.

Бишкек – сүйүктүү таза шаарыбыз!