Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартынын №163 токтому менен борбор шаарда эпидемиологиялык абал жакшыруусуна чейин бир катар уюмдардын иш-чаралары жана ишмердүүлүгү токтотулду. Бардык маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк жана эстелик иш-чаралары жакшы мезгилдерге чейин өткөзүлбөйт. Бардык оюн-зоок жайлар, балдар ойноочу аянтчалар, интернет-клубдар, соода борборлор, кинотеатрлар, театрлар, музейлер, көргөзмө залдар жана галереяларда жабылууга тийиш.

Кафелерде жана ресторандарда 50дөн ашык адамды тосууга тыюу салынат! Спорттук-ден соолукту чыңдоо борборлору, спорт секциялары, коомдук мончо, сауналар жана бассейндер дагы ишин токтотушу керек.

Бардык жерде колду тазалоочу санитайзерлерди орнотуу, имараттарда жана залдарда абаны тазалоочу, кызматкерлерди жана кардарларды бардык дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз кылуу, жана албетте, КР саламаттык сактоо министрликтин сунуштарын так аткаруу зарыл.

Маанилүү! Кымбаттуу ата-энелер, чоң энелер, чоң аталар, агалар, эжелер! Мектептердеги жана ЖОЖдордогу карантинден улам, балдарды оюн-зоок борборлоруна сейилдөөгө, компьютердик клубдарга жибербөөнү суранабыз.

Урматтуу шаардыктар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңуздөр! Жеке гигиенаны сактаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!