Бүгүн эртең менен ун өндүрүүчүлөр, фармакомпаниялардын өкүлдөрү, ири соода борборлордун жана базарлардын ээлери, ошондой эле укук коргоо органдарынын жетекчилери менен өткөн жыйында, муниципалитеттин башчысы А. Суракматов ишкерлерди өз ара аракеттенүүгө чакырды.

Мэр шаарыбызды коронавирус инфекциясынан коргоо үчүн барыбыздын биримдикте жана ынтымакта болуубуз маанилүү экенин билдирди.

Биринчи вице-мэр А. Бакетаев тамак-аш азыктарынын, кеңири керектелүүчү товарлардын жана дары-дармектердин (антисептик, маска жана башка дары-дармектер) бааларынын негизсиз жогорулашына ыкчам чара көрүү максатында атайын топ түздү.

Урматтуу шаардыктар! Эгер баалардын негизсиз жогорулашына күбө болсоңуздар, шашылыш түрдө биздин төмөнкү WhatsApp ыкчам номурларына кайрылыңыз:

Ленин району: 0700 902409-Айтурган Бийгараева;

Октябрь району: 0556 777821, 0702 37089 Жекшен Узакбаев;

Биринчи май району: 0556 012575 -Тариель;

Свердлов району: 0707 37757 - Нуржан Тилек улуу.

Ошондой эле, Бишкектеги эпидемиологиялык жагдай боюнча кандайдыр бир түшүнүксүз абал жаралса, бардык маселелер боюнча: 625813, 0555839379 номурларына чалып же WhatsApp: 0705 025 010 номуруна кайрылыңыздар. Компетенттүү кеңеш алуу үчүн, мамлекеттик санэпидем көзөмөлдүн: 0555 920241 номуруна чалыңыздар.

Бишкек-сүйүктүү ынтымактуу шаарыбыз!