Бишкектин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында таажылуувирус инфекциясынын жайылуу корунучун алдын алуу иштери күчөтүлгөн тартипте жүргузүлүп жатат.

Социалдык кызматкерлерге  атайын окутуулар өткөрүлүп, мекемелерде маалыматтык стенддер жайгаштырылган. Бөлмөлөр күн сайын дезинфекцияланып, кол тазалоочу санитайзерлер орнотулган. Ошондой эле, шаардыктардын кайрылуулары электрондук форматка өткөрүлгөн.

Карылар үйүндө жашап жаткан чоң ата, чоң энелер, реабилитациалоо борборундагылар жана башка балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары күчөтүлгөн көзөмөлдө. Коомдук мекемеден зарылдыгы жок тышка чыгууга тыйуу салынды.

"Коломто" башпаанасы, жана башка баш калкалоочу жайлар убактылуу карантинге өткөн.

Бүгүн социалдык ыңгайлаштыруу, балдар жана жаштар борборлорунда 25 бала, "Айданек" жашы жете элек балдардын калыбына келтирүү борборунда 56 бала, Ленин районунун карылар үйүндө 38 киши, Бишкек шаардык социалдык-стационардык мекемесиндеги ДМЧА менен ооруган — 200 адам жана "Коломто" башпаанасында 68 адам баш калкалоодо.

Бардык мекемелер карантинде, көрүп келүүчүлөр киргизилет, бирок кое берилбейт.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!