Бишкек шаарынын жарандык коргоо боюнча комиссиясынын биринчи жыйынында борбордун вице-мэри Азиз Алымкуловдун жетекчилиги алдында 21-марттын түнкү саат 22ге чейин коронавирустук инфекциядан коргоо боюнча, иш чаралардын кадамдык планын иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Алымкулов борбордогу эпидемияга каршы жана практикалык чараларды ишке ашыруу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы К.Джумагазиевге тартипти камсыздоо боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.

Райондук акимиаттарга ар бир райондо обсервациялар үчүн орундарды даярдоо милдети тапшырылды. Белгилей кетсек, Бишкеке жаңы келип жаткандарга, борбордун ири мейманканаларында 2 миңден ашуун орун даярдалган.

Шаардык финансы башкармалыгы азык-түлүк коопсуздугу үчүн каржылоону карайт, бардык артыкчылыгы жок товарларды мамлекеттик сатып алуулар токтоду.

Саламаттыкты сактоо департаменти дарыгерлер үчүн бардык зарыл шарттарды түзмөкчү болду, айрыкча, санитардык-карантиндик пункттарында. Ошондой эле дарыгерлер жана милиционерлер үчүн транспорт уюштурулат.

Бардык мамлекеттик органдарга өз кызматкерлери үчүн транспортту уюштуруу тапшырмасы берилди.

Белгилесек, шаардык штаб, жарандык коргоо боюнча комиссия жана борбордук муниципалитеттин командасы күнү-түнү иштөө режимине өткөн.
Комиссиянын кийинки жыйыны саат 22: 00дө өтөт. Анын чечимдери тууралуу кошумча маалымат берилет.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!