Өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу, Бишкек шаарында коомдук транспорттун бир бөлүгүнүн кыймылы чектелди. Жеке кичи автобустардын маршруттарынын кыймылы толугу менен токтотулган, троллейбустар штаттык режимде мурдагы жүрүү схемасы боюнча иштеп жатат, автобустар линияга жөнөштү.

Азыркы учурда шаарда 76 автобус бардык 12 каттам боюнча жүрүп жатат: 6,7, 8, 9, 18, 21, 22, 36, 38, 42, 46, 48

Урматтуу шаардыктар! Аралыкты сактоону суранабыз! Өтүнөбүз үйүңүздөрдөн зарыл болбосо чыкпаңыздар!  Шаардык транспортун кармагычтарын, акча жана майда тыйындарды кармаган соң колуңуздарды тазалоо үчүн, антибактериалдык кол аарчыларды колдонууну, ошондой эле милдеттүү түрдө колду самын менен жууп турууну сунуштайбыз. Ден соолугуңузду сактаңыз!

Муниципалдык коомдук транспорттун иши боюнча төмөнкү номурларга кайрылыңыздар:

* Бишкек жүргүнчү ташуучу автотранспорт ишканасы: 0553 022 753, 0772 173 743;
* Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0559733866

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!