"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери аялдамаларды, таштанды салуучу контейнерлерди жана аянттарды тынымсыз дезинфекциялап, дайыма жууп турушат.

Борбор калаанын төрт районунда, беш миңдей контейнер тазалоодон өтүүдө. Ишчилер таштандыларды күнүгө чыгарып, боксторду хлор менен жууп, дезинфекция жүргүзүшөт.

Октябрь районунун аймагындагы таштандыларды "КомТрансКом" ишканасы тазалап дезинфекциялайт.

Шаар боюнча жалпы 743 аялдаманын, 318ү тазаланды. Ошондой эле, дезинфекция иш-чаралар борбордогу тротуар жана скверлерде жүргүзүлүп жатат.

Биз жашыл көк-майдан бөлүктөрун сактап жатабыз. Ал эми  мамсанэпидкөзөмөл кызматынын (МСЭКБ) кызматкерлеринин колдоосу менен транспорттордун кармагычтары, отургучтары, руль, панелдери жана эшиктин кармагычтары, күнүнө 4 жолу  атайын тазалоодон өтүүдө.

Урматтуу шаардыктар! Өтүнөбүз үйүңүздөрдөн зарыл болбосо чыкпаңыздар!  Шаардык транспортун кармагычтарын, акча жана майда тыйындарды кармаган соң колуңуздарды тазалоо үчүн, антибактериалдык кол аарчыларды колдонууну, ошондой эле милдеттүү түрдө колду самын менен жууп турууну сунуштайбыз. Ден соолугуңузду сактаңыз!

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын кызматкерлери, башкы санитардык врач Айгүл Бейшеналиеванын көзөмөлү менен борбордун базарларында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринде күнү-түну дезинфекция иштерин жүргүзүүдө.

Шаар штабынын номуру: 625813, 0555839379  WhatsApp: 0705 025 010. Ошондой эле, компетенттүү кеңеш алуу үчүн, мамлекеттик санэпидем көзөмөл кызматына 0550 920241 номуру аркылуу кайрынсаыздар болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!