Өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу, Бишкек шаарында коомдук транспорттун бир бөлүгүнүн кыймылы чектелди. Жеке кичи автобустардын маршруттарынын кыймылы толугу менен токтотулган, троллейбустар жана автобустар штаттык режимде мурдагы жүрүү схемасы боюнча иштеп жатышат.

Бүгункү күндө такси кызматына суроо-талап жогору болгонуна байланыштуу, кээ бир такси кызматтарынын тарифтик төлөмдөрү жогорулай баштады.

Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нурлан Атыканов такси кызматтарынын жетекчилери менен ыкчам жолугушуу өткөрдү.

Бардык жеке транспорт кызматтары, борбордо өзгөчө кырдаал режиминде баалардын негизсиз жогорулатылбашы жөнүндө кабарланышты. Такси кызматынын мүдүрлөрү, мурунку баалар өзгөрүүсүз сакталаарына убада беришти.

Урматтуу шаардыктар! Эгер такси кызматыннын негизсиз тарифинин жогоротулашына кабылсаңыз, шашылыш түрдө бизге унаанын мамлекеттик номурун жана башка маалыматтарын жибериңиздер: 533648, 0550 006611 (WhatsApp).

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!