"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбордун төрт районунун көчөлөрүн, тротуарларын, аялдамаларын, таштанды аянтчаларын дезинфекциялашууда.

Биринчи Май районунда 19 көчө атайын техника менен, 9 көчө кол менен дезинфекцияланды. Ошондой эле, 191 контейнердик аянтча, миңден ашык таштанды салуучу бак жана 195 аялдама атайын тазалоодон өттү. Урналар жана тротуарлар колго тазаланууда.

Ленин районунда 22 көчө, анын ичинде эки көчө колго тазаланды. Дезинфекциядан 197 контейнердик аянтча, 1095 бак, 164 аялдама, ошондой эле урналар, тепкичтер, отургучтар, эстеликтер өткөрүлду. "Чоң-Арык" айылында 6 көчө, 79 контейнердик аянтча, 563 бак жана 64 аялдама тазаланды.

Свердлов районунун аймагында 30 көчө, алардын үчөө кол менен дезинфекцияланды, ошону менен бирге 187 контейнердик аянтча, 1149 бак жана 229 аялдамада тазалоо жүргүзүлдү.

Октябрь районунда 12 көчө, беш көчөнун тротуарлары жана 361 аялдама санитардык аралашма менен жуулду.

Жолдорду, гүлзарларды жана борбордун сейил бактарынын тротуарларын жууп тазалоону улантабыз.Кабатыр болбоңуздар, жашыл бөлүгүн сактап жатабыз!

Бул жолу дезинфекция иштерине “Тазалыктын” 64 кызматкери, 27 сугарып-жуучу унаа жана "Беларус" кичи-тракторлору менен тартылган болчу. Жууп-тазалоо үчүн Мамлекеттик санэпидемемиялык көзөмөлүнүн алдында кальций гипохлорит эритмеси колдонулууда.

Кеңири дезинфекция улантылат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!