"Тазалык"муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, Бишкекти өзгөчө абалга карабастан, булгануудан сактап келе жатышат. Күн сайын таң эрте, күндүн биринчи нурлары менен, борбордук көчөлөрдү, тротуарларды тазалоого чыгышууда.

Ар бир кызматкердин карантиндеги үй-бүлөсү, балдары бар. Биз көчө шыпырган кызматкерлерди жана алардын жакындары колдоо жөнүндө чечим кабыл алдык.

Тазалыктын жетекчиси Рыспек Сарпашовдун демилгеси боюнча, ар бир көчө шыпырган кызматкерге, күрүч, ун, чай, өсүмдүк майы, кант, кесме жана гречкадан турган азык-түлүк топтомдору  өткөрүлүп берилди. Тазалыктын чоң үй-бүлөсүндө 702 көчө шыпырган кызматкер эмгектенет: Бринчи май районунда – 180, Ленин районунда – 179, Октябрь районунда – 150, Свердлов районунда – 162, жана «Чоң-Арык» айылында – 31 адам иштейт.

Ошондой эле "Тазалык" МИнын кызматкерлери "Арча-Бешик"жаңы конушунун тургундарына 200 азык-түлүк жеткизишти. Биз биргеликте пандемияны жеңип жатабыз. Өтүнөбүз! Үйүңүздөрдө болуңуздар, өзүңүздү жана жакындарыңызды сактаңыздар! Урматтуу шаардыктар! Аймактардагы кандайдыр бир маселелердин сүрөтфактыларын акимдердин ТЖКЧ боюнча орун басарларына түздөн-түз жөнөтө аласыздар:                                                                                

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!