Таажытумоо илдетинин кесепеттерин алдын алуу жана экономикалык зыянды жеңилдетүү максатында, республикалык штаб шаар аймагындагы өзгөчө абал режиминде токтотулган айрым тармактарды атайын этап менен иштөөсүнө уруксат берүү чечимин чыгарган. Биринчи майдан тартып сулуулук мекемелери жана чач-тарачтар ишин баштады.

Биринчи май районунун башчысы Алибек Биримкуловдун тапшырмасы боюнча, акимиаттын, салык кызматынын жана борбордун мамсанэпидемкөзөмөл борборунун кызматкерлери РИИБ менен биргеликте сулуулук жайларындагы чач-тарач бөлмөлөрүнүн иш тартибин текшеришти.

Биз райондогу 15 жакын сулуулук жайларын тазалыгын, кардарларды кабыл алууда, коопсуздук эрежелеринин аткарылышын текшердик.

Тилекке каршы, айрым ишкерлер коопсуздук чараларын сакташпай жатышат. Сулуулук мекемелеринин ээлери менен кемчиликтерди жоюу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Урматтуу ишкерлер! Өтүнөбүз! Адамдардын коопсуздугу үчүн, санитардык ченемдерди сактаңыздар!

Урматтуу шаардыктар! Өтүнөбүз, үйүңүздөрдө болуңуздар! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңызды сактаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү күчтүү шаарыбыз!