Урматтуу шаардыктар! Борбордо туруксуз аба-ырайы күтүлүүдө: чагылгандуу, нөшөрлөгөн жаан жана катуу шамал.

Өтүнөбүз! Үйүңүздөрдөн чыкпаңыздар. Ошондой эле,кырсыктарды жана  жеке мүлктүн бузулушун алын алуу максатында, айдоочулардан унааларыңыздарды бак-дарактардын жана жеңил объекттердин жанына  токтотпооңу суранабыз.

Өтүнөбүз! Өзүңүздөргө сак болгуңуздар!

Экстремалдуу кырдаалдарда (бак-дарактар кулап калса, сел жүрсө ж.б) мэриянын байланыш борборуна күнү-түнү кайрылсаңыздар болот: 1840 жана 1850, ошондой эле фото жана видеофактыларды: 0554 -182-185 номуру боюнча жөнөтүңүздөр.

Жарандар менен туруктуу байланышта болгон акимдердин ТЖКЧ маселелери боюнча орун басарлары:
-  Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) - 0550 997 927;
- Турсалиев Алмаз Джакыпбекович (Октябрь району)– 0 772 192 074;
- Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич — (Биринчи май району) - 0555 666 096;
- Мырзакматов Садык Токтосунович (Свердлов району) — 0551 571823.

Бизге чалыңыздар! Биз дайыма жаныңыздарда, дайыма байланышта болобуз.

Бишкек-сүйүктүү коопсуз шаарыбыз!