Жайдын жакындашы менен "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борборду жайкы сугат мезгилине   даярдап, ирригациялык торлордү, көпурөлөрдүн өткөөлдөрүн, жаан тоскучтарды калдыктардан тазалап  жатышат.

Шаарды  тазалоого Тазалыктын 124 кызматкери жана 3 сугат унаасы менен 30 атайын КТК алып чыгуучу техника тартылган.

Тазалоо иштери уланууда. Өтүнөбүз! Биздин ишибиздин кемчиликтерин байкасаңыздар, райондордун ватсап номурларына жазыңыздар.

Жарандар менен туруктуу байланышта болгон акимдердин ТЖКЧ маселелери боюнча орун басарлары:

-Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) - 0550 997 927;
-Турсалиев Алмаз Джакыпбекович (Октябрь району) – 0 772 192 074;
-Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи май району) - 0555 666 096;
-Мырзакматов Садык Токтосунович (Свердлов району) — 0551 571823.

Бизди чалыңыздар! Биз дайыма жаныңардабыз, дайыма байланыштабыз.

Бишкек-сүйүктүү коопсуз шаарыбыз!