Бүгүндөн тартып борбор калаада калкты тейлөө борборлору ишин жандандырды.

Карантинге карабастан, таң эртеден кезек жаралып, санитардык аралык сакталган эмес.

Карантиндик чараларды бузуу боюнча биринчи билдирүүлөр келип түшөөрү менен район башчылары жана алардын командалары ал жерге ыкчам барышып, шаардыктар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, алардын ден соолугу баарынан жогору экенин айтышты.

Ленин районунун КТБнун кызматкерлеринин айтымында, өзгөчө кырдаалга байланыштуу  борборлор жабык болгондуктан, тейлөөгө болгон суроо-талабтардын күчөшү күтүлгөн, бирок дүрбөлөң акырындап тынчып калды.

Топтолушканды алдын алуу үчүн жана адамдар кезек күтүп жатып чарчабасын деп, Биринчи май акимиатынын кызматкерлери  отургучтарды алып келишкен.

Белгилей кетсек, шаар тургундарынын көпчүлүгү бүгүн каттоону узартуу үчүн келишкен. Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы  жарактан чыккан паспортторду, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдардын каттоолорун жылдын аягына чейин узартууну чечти,  кеч каттоодон өткөндүгү үчүн айып төлөө мөөнөтү бүткөнгө чейин алынбайт.

МККнын маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылкы үлгүдөгү паспорту (эски үлгүдөгү ID картасы) жана 2006-жылдагы жалпы жарандык паспорту (16 жашка чейинки адамдардын паспортторунан тышкары), республиканын чегинен тышкары жерлерде жүргөн жарандар үчүн 2020-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 30-декабрына чейин жарактуу болгон мөөнөт 2020-жылдын 31-декабрына чейин узартылды

КР аймагында каттоо мөөнөтүн узартууну каалаган чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар каттоо мөөнөтүн узартуу өзгөчө кырдаал режими жокко чыгарылган күндөн баштап 10 иш күндүн ичинде узартууга тийиш. Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаал дагы деле күчүндө.

Урматтуу шаардыктар! Өтүнөбүз, өзүңүздөрдүн жана жакындарыңыздын ден-соолугун ойлоңуздар! Жеке гигиенаны бекемдеңиздер, медициналык бет кап режимин  жана аралыкты сактаңыздар. Биз сиздерден бир аз чыдап, сабырдуу болууну суранабыз.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!