Таажытумоо илдетинин учурлары жөнүндө алгачкы билдирүүлөрдөн тартып, борбордун дарыгерлери, эпидемиологдору жана вирусологдору шаарды жана жарандарды коргоону башкы милдет катары кабыл алышты. Алар күн сайын өз өмүрүн тобокелге салып, оор салгылашуунун алдыңкы катарында турушат. Азыркы учурда бул адамдарга колдоо көсөтүп, көңүл буруу маанилүү.

Социалдык саясат боюнча вице-мэр Татьяна Кузнецова "Ассанабил" араб кайрымдуулук фонду жана Nama фонду менен бирдгеликте шаардын тез медицина борборунун кызматкерлерин колдоо иретинде 322 азык-түлүк себеттерин тапшырышты.
Себетте 25 кг ун, 5 кг кесме, 3 кг күрүч, 3 кг кант, 3 литр өсүмдүк майы жана чай салынган.

Мурда ушул эле кайрымдуулук фонд Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте Мамсанэпидемкөзөмөл борборунун кызматкерлерин жана Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун мобилдик бригадаларын колдогон.

Белгилей кетсек, 8-июнга карата алынган маалымат боюнча, өкмөттүн, муниципалитеттин, жеке ишкерлердин жана кайрымдуулук фонддорунун ресурстарын бириктирип, 125 миң 675 үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү, азык-түлүк жеткирүү улантылууда.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!