Октябрь районунун акими Максим Ситников райондук администрация башчысы кызматынан бошотулду.
Тиешелүү буйрукка шаар мэри Азиз Суракматов кол койду.
Максим Валерьевичтин өзүнүн  билдирүүсү боюнча,  ал ден соолугуна байланыштуу иштен кетүү арызын жазган.
Бишкек шаарынын мэриясы Максим Ситниковго ак ниет иши үчүн ыраазычылык билдирет жана бекем ден соолук, ийгиликтерди каалайт! Ырахмат кымбаттуу Максим Валерьевич, сакайып кетиңиз!
Бишкек-сүйүктүү шаарым!