Эртең менен эрте турак жай-коммуналдык чарба боюнча калаанын вице-мэри Мирлан Амантуров шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте калаанын кичи райондорун кыдырып, жашыл аймактардын сугарылышын текшерди. Албетте, COVID-19 эрежелерин сактоо менен.

Вице-мэр көчөлөрдөгү санитардык тазалыкка өзгөчө көнүл бурууну, өз убагында таштанды чыгарууну күчөтүүнү тапшырды. Тазалык менен гигиена пандемия менен күрөшүүдөгү шарттардын бири.

“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасына шаар тургундарына кооптулук жараткан кураган бактарды кыюу, санитардык бутоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Бизге шаар тургундарынан арыктарда суу бар, бирок дарактар сугарылбай, суу башка жакка агып жатат деген кайрылуулар келип түшкөн. Вице-мэр тез арада арыктарды оңдоп, жашыл аймакты сугарууну тапшырды.

Вице-мэр ар бир короону кыдырып, алардын бири 11-кичи райондогу №15 үйдүн аймагына көңүл бурду. Аталган үйдүн айланасы жакшы тазаланып, көптөгөн жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, бадалдар тегизделип, сугарылып, бардык жерде канаттуулар үчүн куш уялары орнотулган.

Санитардык-экологиялык инспекциясына, райондук акимиаттарга үй комитеттерине №15 үйдү үлгү кылып, короолордун ичиндеги аймакты тазалап, сугарып, ирээтке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Урматтуу шаар тургундары! Үйдө болуңуздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!