Мэриянын күндүзгү жана түнкү стационарлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Өткөн суткада күндүзгү стационарларга 3 миң 833 адам кайрылды. Анын ичинен 2 миң 989 адам тамчылатып дары, 827 адам медициналык кеңеш алып, 17 адам ооруканага жаткырылды. Түнкү стационарларга 650 адам, анын ичинен 296 адам инфузия терапиясын, 352 адам медициналык кеңеш алып, 2 адам ооруканага жаткырылды. Бактыга жараша, каза болгондор катталган жок.

Жалпысынан күндүзгү стационарларга 49 миң 236 адам, ал эми түнкү стационарларга 2 миң 409 адам кайрылган.

Шаардык ишкерлердин колдоосу менен стационарларда кычкылтек концентраторлору, пульсоксиметрлер алынып, учурда күндүзгү стационарларда 115 кычкылтек концентратору, түнкү стационарларда 59 аппарат иштеп жатат.

Эскерте кетсек, калаада 13 күндүзгү стационар саат 8:00дөн 20:00гө чейин, ал эми түнкү 3 стационар 20:00дөн 8:00гө чейин шаардыктарга медициналык жардам көрсөтүүдө.

Урматтуу шаар тургундары! Сураныч! Өзүңүздөргө кам көрүңүздөр, өз алдынча дарыланбаңыздар! Стационарларга кайрылыңыздар, алар сиздерге өз убагында медициналык жардам көрсөтөт.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!