Урматтуу шаар тургундары! Гидромедборбордун билдирүүсү боюнча, калаада жакынкы сааттарда жана күндүн экинчи бөлүгүндө туруксуз аба-ырайы күтүлүүдө. Шамалдын ылдамдыгы 15-20 м/с түзөт.

Сураныч, үйдө болуңуздар! Ошондой эле айдоочуларга унааңарды бактардын же жеңилдетилген типтеги объектилердин алдына токтотпооңуздарды өтүнөбүз! Эгерде сиздер кулаган бактарды көрсөңүздөр 0770 830006 номерине билдириңиздер!

Абайлаңыздар! Өзүңөрдү сактаңыздар!

Өзгөчө кырдаалда 112 куткаруу кызматына, мэриянын 1840 жана 1850  ыкчам чараларды көрүү кызматына чалыңыздар! Ошондой эле фото жана видеофактыларды 0554 -182-185 номерине жиберсеңиздер болот.

Бишкек-сүйүктүү коопсуз шаарым!