Муницпалдык кызматтар шаардык көрктөндүрүү иштерин улантууда. Албетте, пандемия шарттарын катуу сактоо менен.

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын көчөлөрүн, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдорду жарыктандыруу боюнча пландык иштерди өткөрүүдө.

Ч.Айтматов проспектиси боюнча жаңы парктан «Ала-Арча» суусунун көпүрөсүнө чейин жаңы веложолго жарыктандырууну орнотуу жыйынтыкталды.

88 светодиоддук чырак жана ушунча  торшердик түркүк орнотулуп, жер алдынан 3 миң 500 метр кабель линиясы өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, хай-тек үлгүсүндөгү торшердик түркүктөр ишкананын устаканасынан калың темирден жасалган.

Урматтуу шаар тургундары! «Бишкекжарык» ишканасынын авариялык-диспетчердик кызматы: 0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасын төмөнкү  соцтармактардан таба аласыздар:

Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312

Instagram: @mp_bishkeksvet

Twitter: @Bishkeksvet

Байланышыңыздар жана чалыңыздар! Биз ар дайым байланыштабыз!  Жакындарыңыздарга жана өзүңүздөргө кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү жарык шаарым!