Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын атайын бөлүмү жана «Тазалык» муниципалдык ишканасы пандемиянын шарттарында мыйзамсыз орнотулган объектилерди алуу иштерин жүргүзүүдө.

Бул жолу бузуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин Горький жана Карл-Маркс көчөлөрүнүн кесилишиндеги 13 күркө ээлери тарабынан алынды.

Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан  5 күркө жана бир «боксёр» күч өлчөгүч алынды.

Ошондой эле,  ден соолук паркынын  Ч.Айтматов проспектиси тарабынадагы темир тосмону алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Мыйзамсыз капиталдык курулуштар, күркөлөр, киосктор жана башка жеңилдетилген типтеги объектилерди алуу иштерин улантылууда.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сиздерден жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин, ошондой эле санитардык нормаларды сактооңуздарды өтүнөбүз. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Эгерде сиздер мыйзамсыз орнотулган объектилерди көрүп калсаңыздар сүрөт жана видеофактыларды 0703633833 (Алина) номерине жиберсеңиздер болот. Ошондой эле, башкармалыктын соц.тармактары: https://www.facebook.com/uzsbishkek/ Instagram: @uzs.bishkek Twitter: @uzsmeriakg

Биз ар дайым байланыштабыз! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Вирус бар жана ал абдан коркунучтуу…

Бишкек-сүйүктүү шаарым!