Биз «Көлмө» жаңы конушунда канализациялык түйүндөрдү курууну баштадык.

Канализациялык түйүндүн узундугу 2,3 км түзүп, Жаңылык жана Курулуш көчөлөрүндөгү 600 үйдү камтыйт. Бул аймакта эки миңге жакын адам жашайт.

Аталган объектиде Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын тапшырыгы менен «НАК-Строй» бөдрөтчү компаниясы иштеп жатат.

Куруучулар иштерди ушул жылдын күз айында жыйынтыкталарын билдиришүүдө.

Аталган курулуш иштерине шаардык бюджеттен 4 миллион 804 миң 282 миң сом бөлүнгөн.

Эскерте кетсек, шаардын инфраструктурасын, жаңы конуштарды өнүктүрүү иштери калаа башчысы Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен жүргүзүлүүдө.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!