Турак-жай коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Мирлан Амантуровдун жетекчилиги алдында 2020-2021-жылдарга күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү боюнча шаардык штаб кыш мезгилине даярдыктарды көрүүдө.

Даярдык боюнча  маселелер көзөмөлдө болуп, штабдын жыйындарында   дайыма каралып жатат. Ошондой эле, ыкчам иш үчүн ар бир акимиатта райондук штабдар түзүлгөн.

Бишкектиктердин үйүнө ысык сууну жана жылуулукту эки уюм: «Бишкекжылуулуктүйүнү» ААК жана «Бишкекжылуулукэнерго» КИ камсыз кылат.

Бишкек шаарынын ЖЭБ тарабынан үч казан агрегаттарында жана эки түтүк агрегатында оңдоо иштери жүрүп жатат. Азыркы учурда көмүр алуу иштери жүрүп, сатып алууга тендер өткөрүлдү. Учурда комиссия жеткирүүчүнү аныктоо алдында.

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы кыш мезгилине даярдыктарды көрүп, бардык буу казандарында оңдоо-профилактикалык иштерин жүргүзүүдө. 23-июлга карата 66 буу казандын  30 буу казаны кыш мезгилине даяр болду. Калганы 1-октябрга чейин даярдалат. Көмүрдү сатып алууга тендер жарыяланып, тендердик комиссия иштеп жатат.

«Бишкекжылуулуктүйүнү» ААК Ахунбаев, Абдымомунов көчөлөрүндөгү жана «ЮГ-2» кичи районундагы жылуулук түйүндөрүнө реконструкция жүргүзүүдө.

Жаңы конуштарды газдаштыруу улантылууда. 2020-жылга «Газпром Кыргызстан» компаниясы  өндүрүштүк программасынын алкагында 5 жаңы конушту: Алтын-Ордо», «Рухий-Мурас»,  «Ынтымак», «Киргизия», «Чоң-Арык» газдаштыруу боюнча иштерди пландоодо.

Шаардын көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасы 6 миң 500 тонна техникалык туз даярдайт. Жеткирүүгө тендер 16-июлда өткөрүлүп, учурда тендердик комиссиянын кароосунда.

Ошондой эле, 126,0 миң тонна көмүр даярдоо пландалып, даярдоо графиги ушул айда башталды. Райондук акимиаттарга жеңилдик алган жарандарга берилген көмүрдүн сапатына дайыма мониторинг жүргүзүү, түзүлгөн тизмеге көзөмөл жүргүзүү жана отун таратып баштоо тапшырылды.

Белгилей кетсек, 3 миң 714 жеңилдик алган үйбүлөгө көмүр алуу үчүн 21,2 миллион сом акчалай компенсация төлөө пландалууда.

Вице-мэр Мирлан Амантуров шаардык кызматтарга экологияны жана таза абаны сактоо баарынан жогору экенин эскертти.

Урматуу шаардыктар! Сураныч, үйдө болуңуздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!