Шаар ѳз ишин улантууда. «Тазалык» муниципалдык ишканасы шаардагы эстеликтерди  жууп тазалоодо. Албетте санитардык талаптарды кату сактоо менен.

Азыркы учурда «Тазалыктын» 12 кызматкери тѳрт бирдик атайын техника менен шаардын тѳрт районунда эстеликтерди тазалоодо.

Ишкананын балансында 39 архитектуралык эстелик бар.

Кийинки жумадан баштап таштанды контейнерлерин сырдоо жана дезинфекциялоо жүргүзүлѳт.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч! Үйдѳ болуңуздар! Ѳзүңүздѳргѳ жана жакындарыңыздарга кам кѳрүңүздѳр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!