Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы шаардык көрктөндүрүү эрежелерин, коомдук жайларда тартипти жана тазалыкты бузгандар менен күрөшүү иштери улантууда. Ошондой эле, пандемия учурунда санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүүдө.

Өткөн жумада шаарды көрктөндүрүү эрежелерин  четке кагуу бузуулары жөнүндө кодекси боюнча 9 протокол түзүлдү.

«Көрктөндүрүү эрежелерин бузуу» беренеси боюнча  «Керемет Констракш», «Кыргыз Каганат»,  «Ихлас», «Кей Ди Эм» компанияларына жана Гоголь көчөсү, 20 дарегиндеги күркөнүн ижарачыларына, Бөкөнбаев жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги пластик алуу жайына, Рабочий көчөсү, 1а дарегиндеги тандыр иштеткендерге айланасын тазалабагандыгы үчүн 7 протокол түздү. Жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул каралган.

Тиешелүү уруксаты жок жер казуу, жер иштерин жүргүзгөн"РН-Кыргызнефтепродукт» компаниясына жана Күйүков көчөсү, 158 дарегиндеги тургунга 120-берене боюнча протокол түзүлүп, экинчи категория боюнча айып пул салынды.

Ошондой эле, "Эксперт монтаж" компаниясына жолду бузгандыгы үчүн 119-1беренеси 1 бөлүмүнө ылайык протокол түзүлүп, юридикалык жак болгону үчүн 23 миң сом айып пул салынды.

Жыл башынан бери СЭИ  5 миллион 713 миң сомго 695 протокол түздү.

Санитардык рейддер дагы улантыла берет.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер жана мекемелер! Сураныч! Санитардык талаптарды сактаңыздар! Бул вирус менен күрөшүүнүн жалгыз жолу. Өзүңүздөрдү жана кардарларыңыздарды оорудан сактаңыздар!

Мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясынын байланыш номери: 0 705 564 756.

Биринчи май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 500 210 470;

Ленин району: 0500 085 580.

Бишкек-сүйүктүү укуктуу шаарым!