Шаардык кызматтар пандемия шарттарында өз ишин улантууда. Кара-Жыгач жаңы конушунун Торугат, Бегматов көчөлөрүндө Кара-Жыгач көчөсүнөн Субан-Ата көчөсүнө чейин 46 түркүктү жана электр өткөргүч линияларын (ЛЭП-04 кВ) орнотуу башталды.

Түйүндүн узундугу 870 метрди түзүп, 46 үйдү электр энергиясы менен камсыздаган негизги линияга кошулат.

Орнотуу иштери бүткөрүлгөндөн кийин объект Чыгыш РЭСинин балансына өткөрүлүп берилет.

Куруу-монтаж иштерин мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын тапшырыгы менен «Бишкекэлектро» бөдрөтчү компаниясы жүргүзүүдө.

Келишим боюнча ушул жылдын күз мезгилинде бүткөрүлөт.

Курулуш иштери 1 миллион 175 миң 852 сомду түзүп,шаардык бюджеттен каржыланды.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!