Азыркы кыйын учурда колдоо баарынан жогору. Свердлов районунун Социалдык ѳнүктүрүү башкармалыгы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга майыптар арабасын тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ѳнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен шаардыктардын арызы боюнча чоңдор үчүн 11 араба жана балдар үчүн 15 майыптар арабасы алынды.

Райондук социалдык ѳнүктүрүү башкармалыктары шаардыктардын арызын карап, каттоодо турган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге майыптар арабасын берет. Регламент боюнча бишкектиктер райондук Социалдык ѳнүктүрүү башкамалыктарга арыз калтырып, керектүү документтерди тапшыруулары зарыл. Колдоо кѳрсѳтүү журналына каталгандан кийин кезек менен алышат.

24-июлга карата Бишкек шаарынын Социалдык ѳнүктүрүү башкармалыгында 18 жашка чейинки 3 миң 406, 18 жаштан жогорку 2 миң 943 адам каттоодо турат.

Урматтуу шаардыктар! Ар бир райондо Социалдык ѳнүктүрүү башкармалыктары иштейт. Кызматташуу үчүн бѳлүмдѳрдүн башчыларынын номерлерин калтырабыз:

Биринчи май району– 0700 476546 Арсен Абдылдаев;
Свердлов  району– 0704 570513 Жамиляхан Джунусалиева;
Октябрь району – 0772 670917 Рейна Султанмуратова;
Ленин району – 0709 997441 Бүбүажар Мамбетсеитова.

Ѳзүңүздѳргѳ жана жакындарыңыздарга кам кѳрүңүздѳр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!