Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев райондук кызматтар жана түзүмдүк бөлүмдөр менен кезектеги пландык жыйынын өткөрдү.
Биз райондун аймагындагы эпидемиологиялык жагдайды, МАБ мобилдүү бригадаларынын мындан аркы логистикасын талкууладык, ошондой эле чарбалык иштер боюнча аткарылган жумуштар тууралуу отчёт берилди.


Октябрь районунун ооруга чалдыккан тургундарынын саны уламдан-улам азайып жатат. 14-августка карата "Бишкекнабайкана" муниципалдык ишканасынын базасында ачылган стационар күнү-түнү иш алып барууда.


МАБдын адистери өз алдынча дарыланууну алдын -алуу жана медициналык жардам көрсөтүү үчүн ооруп жаткан тургундарды ҮМБнын учётуна тургузуп, кеңеш берүү үчүн үймө-үй кыдырууда. 

 

Райондун акими планга ылайык, социалдык өнүгүү башкармалыгы жана "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасына муктаж болгон үй-бүлөлөргө 24-31-августта отун таратууну тапшырды.


Ал эми "Бишкекжашылчарбанын" башкы агрономуна жашыл өсүмдүктөрдү сугарууда суунун көлөмүн көбөйтүү, бактарды санитардык кесип-бутоодон өткөрүү тапшырылды.


Урматтуу шаар тургундары! Ар кандай маселелер боюнча муниципалитеттин күнү-түнү иштеген Call-борборуна кайрылууга болот: 1840 жана 1850, ал эми сүрөтү менен көйгөйлөрдү 0554 182-185 номуруна жөнөтүңүздөр. Октябрь районунун тургундары акимге түзмө-түз кайрылса болот: 0555 737574.

Ошондой эле, биз бардык социалдык тармактарда барбыз. Биз дайыма  байланыштабыз!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!