Мыйзамсыз объектилерди түрттүрүү күн сайын өткөрүлүүдө, биз шаар үчүн жаңы мейкиндиктерди бошотуп жатабыз.

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы менен «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери пандемия шарттарына карабай мыйзамсыз орнотулган объектилерди түрттүрүү иштерин улантууда.

 
Бул жолу Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы менен "Тазалык" муниципалдык ишканасы  биргеликте, Чортеков көчөсү  жана Набережный чолок көчөсүнүн  (#176 маршруттук каттамдын акыркы токтотмосу) кесилишинде  жайгашкан мыйзамсыз орнотулган төрт күркөнү алып, жалпы аянты 69 чарчы метр жер бошотулду.


Шевченко көчөсү, 4 дарегинде жайгашкан күркө  өз ыктыяры менен алынып салынды.

Ошондой эле, Ленин районунун прокуратурасынын сунушунун негизинде Чуйков көчөсү, 143а дарегинде жайгашкан чатыр, 6 бетон арыктары жана өз алдынча салынган курулуш алынып, 200 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.

 


Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактооңуздарды абдан өтүнөбүз!

 Эгерде сиздер туура эмес жерге же мыйзамсыз орнотулган объектилерди көрсөңүздөр 0703633833 номерине чалыңыздар.

Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/
Instagram: @uzs.bishkek
Twitter: @uzsmeriakg