Урматтуу шаар тургундары, саясий партиялардын мүчөлөрү! Жарандык коргонуу боюнча Комиссия (ЖКК) Бишкек шаарынын аймагында саясий партиялардын съезддерин өткөрүүгө уруксат берет, бирок бир катар санитардык талаптарды аткаруу керектелет:

Шаардыктардын коопсузду жана ковид-19дан коргоону үчүн съезддин катышуучуларынын саны 100 адамдан ашпоосу керек.

Эл чогулган жерлерде санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо үчүн бардык шарттар түзүлүүгө тийиш. "Кирүү фильтри" уюштурулушу керек, ал жерде дененин температурасы өлчөнүп, колдор антисеп менен тазаланышы абзел.  Съезддин катышуучуларын жайгаштыруу 1.5-2 метр аралыкта шахмат ыкмасы менен жүзөгө ашырылышы керек. Ар бир жаран сөзсүз түрдө бет кап тагынуусу маанилүү. Ошондой эле уюштуруучулар бардык чакырылгандарды жеке коргонуу каражаттары менен камсыздашы абзел.

Маанилүү! Беткабы жок жана дене табы 37 градустан жогору болгон адамдардын имаратка кирүүсүнө тыюу салынат!

Съездди өткөрүү алдында имарат хлор камтыган каражаттар менен дезинфекцияланып, абанын температурасы 22-24 градус Цельсийдин тегерегинде болушу шарт. Желдетүү системасы жок болгон учурда, имараттын ичи ар 60 мүнөттүн ичинде эки жолу (андан кем эмес) желдетилүүгө тийиш. 

Урматтуу шаар тургундары! Сураныч! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Ден соолуктан маанилүү эч нерсе жок!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!