Окуу жылы жакындап калды. Бишкек мэриясы мектептерде, бала бакчаларда жана балдар чыгармачылык борборлорунда шарттарды жакшыртуу жана окуучулук орундарды көбөйтүү иштерин уланууда.  Курулуш иштеринин жүрушү курулуш жана архитектура боюнча шаардын вице-мэри Уланбек Азыгалиевдин көзөмөлүндө.

№19 мектептин кошумча жаңы курулушу пандемияга карабастан, коргонуу чаралары так аткаруу  менен жүргүзүлүүдө.

Аталган объектинин ичин жасоо иштери жыйынтыкталып, 85%га бүткөрүлдү.   Имараттын чатыры, фасады оңдолуп, тышкы түйүндөр киргизилди.  Учурда мектепте колдонуучу жаңы эмеректер жасалууда.

Эске салсак, жаңы кошумча курулуп жаткан корпустун жалпы аянты 1.200 чарчы метрди түзүп, кошумча 198 окуучуга мектепте орундук кошулду. Анда хореографиялык зал, китепкана, класстан тышкаркы сабактар үчүн окуу бөлмөлөрү жайгашкан.

Курулуш иштери катуу көзөмөлдүн негизинде жүргүзүлүүдө. Анткени мектеп сейсмологиялык коркунучтуу аймакта жайгашкан. Аны курууда 9 баллдык жер титирөөгө туруштур бере турган ыкма колдонулду. Ошондуктан жаңы корпустун имаратынын конструкциясында күчтөндүрүлгөн конструкция, башкача айтканда, бир гана фундаментке 613 кубометр бетон жана 33 миң 600 килограмм арматура колдонулду.

Мектептин жаңы корпусун курууга шаардык бюджеттен 45 миллион сом каралган.

Бул татаал күндөр өтүп, окуучулар мектептин жаңы имаратындагы парталарга отуруп билим алышат деген үмүттөбүз. Азырынча өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-балдар үчүн сүйүктүү шаар!