Шаардык мэрия шаардын көчөлөрүн жөө кыдырып, кайыр сураган, зомбулукка кабылган  жана иштөөгө муктаж болгон балдарды таап, алар менен иш жүргүзөт.

 Бул жолу Биринчи май акимиаты ИИБнын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын балдар жана үй-бүлөлөрдү коргоо бөлүмү менен биргеликте көчөлөрдү, парк жана соода борборлорун кыдырышты.

 Бактыга жараша, кароосуз калган бир да баланы аныктай албадык.

 Балдарды коргоо боюнча рейддер улантылууда.

 Эскерте кетсек, жашы жете элек өспүрүмдөргө (18 жашка толо элек) коомдук жайларда саат 23:00дөн 06:00гө чейин калууга чейин тыюу салынат (жай мезгилинде 1-июндан 31-августка чейин), ал эми калган мезгилде 22:00дөн 06:00гө чейин коомдук жерлерге барууларына тыюу салынат, же  ата-энелеринин коштоосунда гана болуулары керек.

 Урматтуу ата-энелер! КРнын мыйзамдарына ылайык, сиздер гана баланын тарбиясына, коопсуздугуна жооптуусуздар. Ал эми балдарды иштетүүгө тыюу салынат.

 Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиздер кайыр сураган балдарды же болбосо зомбулукка кабылган балдарды көрсөңүздөр, дароо 102 номерине же райондук балдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнө чалыңыздар:

 Октябрь району: 510375, 0772637987 Назгуль Солтонбаева;
Ленин району:  883899,0502021404 Нуриза Сталбекова;
Свердлов району: 530576, 0706821676 Тамара Акжолтоева;
Биринчи май району: 670386, 0553 225 905 Айбек Бекетаев;

КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишеним телефону: 111

Сураныч! Өзүңүздөргө, жакындарыңыздарга жана балдарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!