Урматтуу шаардыктар! Краснодонцев атындагы көчөнүн жашоочулары жана Ички коопсуздук аскер кызматынын кызматкерлери үчүн бизде жакшы жаңылык.

1984-жылдан бери оңдолбогон көчөдө быйыл капиталдык оңдоо иштерин баштадык. Аталган көчөдө жол кыймылы убактылуу токтотулду.

Узундугу 1 км жолдун асфальты толугу менен алмаштырылат. Жолдун 30%на асфальт төшөлүп, оңдоо иштери улантылууда. Объектиде «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын 30 кызматкери иштеп, 15 бирдик жол-курулуш техникалары тартылды.

Биз ондоо иштерин 22-августка чейин бүткөрүүнү пландап жатабыз.

Бул көчөдөн тышкары, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жалпы узундугу 5435,5 погондук метрди түзгөн 13 көчөдө оңдоо иштерин жүргүзөт. Тизме: https://www.meria.kg/ky/post/20618

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Оорубаңыздар! Өзүңүздөрдү жакшы караңыздар, өз алдынча дарыланбаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шарыбыз!