«Бишкексвет» муниципалдык ишканасы Октябрь районунун тышкы жарыктандыруусун модернизациялоо боюнча иштерди улантууда.

Жакында ишкананын адистери Шакиров көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Ташкөмүр көчөсүнө чейинки бөлүгүнө, Арасан, Береговый Тунгус чолок көчөлөрүнө тышкы жарыктандырууну киргизишти. Эми аталган көчөлөрдү 30 светодиоддук чырактар жарыктандырат.

Достоевский көчөсү Анкара көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин тышкы жарыктандыруу үчүн жаңы темирбетондук түркүктөр орнотулуп, аларга 30 светодиоддук чырак жана кронштейндер бекитилип, 1 миң 170 метр аба электр чубалгылары тартылды.

Ошондой эле, №4, №8 кичи райондорунун №26а, 1,7,19,91 үйлөрүнүн короолоруна 17 түркүк орнотулуп, 310 метр аба электр чубалгылары тартылды.

Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү аллея да жарыктандырылды. №14 үйдөн №79 үйгө чейин 15 светодиоддук чырактар орнотулду.

№26 мектеп-гимназиясынын айланасына кошумча 5 светодиоддук чырак жана кронштейн орнотулуп, 150 метр электр өткөрүүчү линиялар тартылды.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздердин көчөңүздөрдө тышкы жарыктандыруу өчүрүлсө, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматына чалсаңыздар болот: (0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115, жаркыраган Эркеайым сиздердин арыздарды кабыл алат.

«Бишкексвет» муниципалдык ишканасы социалдык тармактарда бар:

Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312

Instagram: @mp_bishkeksvet

Twitter: @Bishkeksvet

Жазыңыздар! Чалыңыздар! Биз ар дайым байланыштабыз! Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү жарык шаарыбыз!