Бул кадимки эле август күндөрүнөн. Балдар «Ала-Арча» суусунун жээгинде ойноп жүрүшкөн. Бир учурда балдарга күчүктүн сууга түшүп, чыга албай жатканы угулду. Балдар аны көрөрү менен дароо куткарууга киришишкен. Өспүрүмдөрдүн бири суудан күчүктү чыгарып куткарган. Күчүк аябай суу болуп, коркуп калган. Бирок баары ийгиликтүү болуп, күчүктү куткарып калышты. Кийинчирээк биз куткарып калган баланын аты Эмир экенин билдик. Ал №13 мектепте окуйт, сентябрда 8-класска барат. Эмир жаныбарларды аябай жакшы көрөт жана чет тилдерди үйрөнүү менен алектенет.

Биз Эмирге жана анын досторуна кайраттуулугу үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!