Урматтуу шаар тургундары, айдоочулар! Бизге муниципалдык токтотмолордун иши боюнча шаар тургундарынан көптөгөн арыздар келип түшүүдө.

1-сентябрдан тартып муниципалдык токтотмолордун ишмердүүлүгү Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорду уюштуруу тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобого ылайык жүргүзүлөт.

Жобого ылайык, муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолордун иштөө режими саат 8:00дөн 20:00гө чейин. Дем алыш жана майрам күндөрү токтотмолор акысыз. Кызматтар унаа 15 мүнөт токтотулгандан кийин акы ала баштайт. Токтотмого акы төлөөдөн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер (1-2-топтогу майыптар) бошотулат.

Белгилей кетсек, муниципалдык токтотмолордун  жана унаа туруктарынын расмий жана бирдиктүү тарифи – 25 сомду түзөт.  Ал эми жеке токтотмолордун тарифин жеке компаниялар өздөрү түзөт.

Муниципалдык токтотмо экендигин кантип аныктаса болот?

Биринчиден, муниципалдык токтотмого тиешелүү бул жол белгилери. Белгилей кетсек,  учурда белгилерди орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Экинчиден, биздин операторлор «Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары» муниципалдык ишканасынын логотиби менен кызыл сары түстөгү атайын жилет кийип, атайын бейджиктерди тагынып жүрүшөт жана милдеттүү түрдө төлөгөндүгү тууралуу мөөр басылган талон беришет. Канча убакытка токтоткондугуна карабастан бирдиктүү тариф 25 сомду түзөт.

Эскерте кетсек, өткөн жылы токтотмолорду жана унаа туруктарын өнүктүрүү үчүн бөлүмдү ишке киргиздик. Бул убакытка чейин 14 токтотмо жана 14 унаа туруктары түзүлдү жана уюштурулду. Жалпысынан 2030 унаа токтотуу орунду түзөт. Муниципалдык токтотмолордун тизмеси бул жакта: https://www.meria.kg/ru/post/20650

«Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары» муниципалдык ишканасынын иштерине байланышкан көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеофактыларын 0555760966, 547967 номерине жиберсеңиздер болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!