КРнын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомун ишке ашыруунун алкагында, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү.

Шаардык мэриянын кызматкерлери кыргыз тилин билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча окутууларга катышып, “Кыргызтест” системасынан алган билимдерин текшерип турушат.

Акыркы тестирлөөнүн жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын 15 кызматкери жогорку баллды алып, тастыктамаларды алышты.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!