Шаар тургундарынын үйлөрүн үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу үчүн «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы оңдоо-профилактикалык иштерин жүргүзүп, жылуулук түйүндөрүн ирээтке келтирүүдө.

Азыркы учурда биз Интергельпо көчөсүндө 80 метр түтүктү алмаштырып жатабыз.  Жыл сайын «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы борбордук жылуулук жана ысык суу менен камсыздаган 25 км түтүктү жаңыртат.

Бардык даярдоо иш-чаралар жаңы директор Баимбет Байгараевдин көзөмөлүндө.

Баимбет Нуралиевич өз кесибин мыкты билген адис. Ал 20 жыл шаарды жылуулук менен камсыз кылуу тармагында эмгектенген. Жөнөкөй электромонтердон күчтүү менеджерге чейин көтөрүлүү анын ийгилигинин тарыхы.

Өзүнүн эмгек жолун «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасында электромонтер кызматынан баштап, кийин инженер, бөлүмдүн башчысы,башкы инженер кызматына чейин көтөрүлгөн.

Август айынын башында «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын башчысы болуп дайындалды. Эскерте кетсек, ишкананын мурдагы директору Виктория Мозгачева калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри болуп дайындалган.

Белгилей кетсек, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы 624 турак үйдү, 12 саламаттыкты сактоо объектисин, 40 жалпы билим берүү мекемесин, 14 бала бакчаны, 8 ЖОЖ, 26 башка бюджеттик мекемени жана 193 башка кардарларды камтыйт.

Үйдө болуңуздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!