«Бишкексвет» муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу түйүндөрүн модернизациялоо боюнча иштерди улантууда. Кезекте Свердлов району.

Жыл башынан бери Свердлов районунда 159 көчө жарыктандырылды. 1 миң 830 светодиоддук чырак, бир жарым миңден ашык кронштейн орнотулуп, анын алдына 30 км аба чубалгылары тартылды. «Чыгыш-5» кичи районунун №1, 1/3 ,2, 2/3, 3/3, 4,4/3 5,8,9,10,12,20, 21, 22, 30, 31 үйлөрүнүн короолоруна 58 чырак, 9 кронштейн, 18 темир түркүк орнотулуп, 1 миң 265 метр аба чубалгылары тартылды.

Эскерте кетсек, бул жылы төрт районго 10 миңдей чырак орнотулат.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч! Чырактарды сындырбаңыздар, алар ар бирибизге жарык берип жатат. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздердин көчөңүздөрдө тышкы жарыктандыруу өчүрүлсө, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматына чалсаңыздар болот: (0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115, жаркыраган Эркеайым сиздердин арыздарды кабыл алат.

«Бишкексвет» муниципалдык ишканасы социалдык тармактарда бар:

Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312

Instagram: @mp_bishkeksvet

Twitter: @Bishkeksvet

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!