Шаардык кызматтардын жетекчилери шаар тургундары менен тыгыз кызматташып келет. КОВИД-19 пандемиясына байланыштуу шаар тургундарын кабыл алуу убактылуу токтотулуп, маселелер  онлайн режиминде чечилген.

Калаада эпидемиологиялык абал бир аз турукташып калды. Бүгүндөн тартып Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу шаардыктарды кабыл алууну баштады.

Эми жер маселелери боюнча кайрылуулар менен башчынын кабыл алуусуна төмөнкү номерлер аркылуу жазыла аласыздар: 454113, 0701 012555. Башкармалыктын дареги: Чокморов көчөсү, 246а.

Жолугушуулар санитардык эрежелерди катуу сактоо менен өткөрүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!