«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери калаадагы магистралдык ирригациялык түйүндөрдү калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.

Азыркы учурда биз Юнусалиев, Салиева, Тыналиев жана Логвиненко көчөлөрүндөгү арыктарды ирээтке келтирип жатабыз.

19-августка карата Тыналиев көчөсүнө Безымянной көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин 225 погондук метр арык орнотулду. Ошондой эле, Ахунбаев көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин арыктарды реконструкциялоо каралган.

Юнусалиев көчөсү Сүйөркулов көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейин 270 погондук метр арык орнотулду. Суу агымынын кубаттуулугу секундасына 10 литрден 30 литрге чейин көбөйдү.

Свердлов районунун Логвиненко көчөсүндө Кулатов көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин 201 погондук метр, ал эми  Салиева көчөсү боюнча Лермонтов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин (түштүк тарабы) 840 погондук метр арык орнотулду.

Ирригациялык түйүндөрдү орнотуу жана реконструкциялоо иштери улантылууда.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!