Шаар өз ишин улантып жатат. Шаардын түндүк бөлүгүндөгү Манас жана Боталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы спорттук сейил багынын курулушу улантылууда. Албетте  КОВИД-19дан коргонуу эрежелерин катуу сактоо менен.

Курулуш жана архитектура боюнча калаанын вице-мэри Уланбек Азыгалиев жаңы сейил бактардын курулушун дайыма текшерип, анын сапатына өзгөчө көнүл бурат.

Азыркы учурда сейил бакта курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Тротуардын жээк таштары, ирригациялык арыктар орнотулуп, жалпы иштин 75% бүткөрүлдү.  Тротуар, веложол, чуркоо жолуна, ошондой эле балдар жана спорт аянтчаларына таман таштарды жана асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлүүдө.

Жаңы сейил бактын курулуш иштерин мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын тапшырыгы менен «Орусиялык курулуш компаниясы» бөдрөтчү уюму жүргүзүп жатат. Долбоордун баасы- 58 миллион сомду түзүп, каражат шаардык бюджеттен каралган.

Эскерте кетсек, жаңы сейил бак эки аймакка бөлүнөт, 7,4 гектар аянтка велосипед сүйүүчүлөрү үчүн скейт-парк жана рамп, кичи футбол талаасы, волейбол жана баскетбол аянтчаларын жайгаштыруу пландалууда. Сейил бактын ички бөлүгүнө ден соолук жолдорун түзүүнү пландап жатабыз. Балдар үчүн балдар аянтчасы, ал эми тынчтыкты сүйгөндөр үчүн көк майсан, гүлдөр отургузулган эс алуу жайлары болот. Жашыл аймакты жаңылоо дагы каралган.

Белгилей кетсек, коомдук эс алуу жайларын куруу, сейил бактарды көбөйтүү, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу  иштери калаа башчысы Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен жүргүзүлүүдө.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!