№8 кичи райондун тургундары 1, 1-Б жана 3 үйдүн ортосундагы спорт аянтчасынын тосмосу мыйзамдуу орнотулгандыгын текшерип берүү боюнча кайрылуу келип түшкөн.

Аталган жерге КРнын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Талант Иманакун уулу  барып текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 0,12 га тосмону  «Базис-Строй» компаниясы көп кабаттуу курулуш үчүн орноткондугу жана өндүрүш жана курулуш коопсуздугу боюнча бузуулар катталгандыгы аныкталды.

Курулуш эрежелерин бузган компанияга КРнын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин №94 беренесинин 4-пункту боюнча протокол түзүлүп, 6 категориядагы (35 миң сом) айып пул салынды.

Учурда компания өз ыктыяры менен тосмолорду алып жатат. Белгилей кетсек, «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы тарабынан ЭЧ КАНДАЙ макулдук берилген эмес.

Урматтуу куруучулар! Жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактаңыздар!

Биз дайыма байланыштабыз! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!