Жаңы окуу жылы жакындады. Калаада коррупция менен күрөшүү боюнча депозиттик эсептин каражатына №72 жана №59 мектептеринин жаңы окуу корпусунун курулушу улантылууда.

Курулуш иштеринин жүрүшү Ленин районунун акими Чынасы Чыныбаевдин көзөмөлүндө.

Учурда «Жал» кичи району Курчатов көчөсүндөгү №72 мектептин 225 окуучулук орунга ылайыкташтырылган кошумча корпусунун дубалы көтөрүлүп, чатыры жабылууда. Курулуш иштерин «Монолит-Строй» компаниясы 37 миллион 176 миң 436 сомго аткарууда.

Лущихин көчөсү, 35 дарегиндеги №59 мектептин кошумча курулушу 150 окуучулук орунга ылайыкташтырылган. Учурда экинчи кабаты көтөрүлүп, «Төөлөс-Строй» курулуш компаниясы иштеп жатат.

Ушул кыйын күндөр өтүп, биздин балдар мектепте билим алат деген үмүттөбүз. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Сак болуңуздар! Вирус бар жана ал коркунучтуу…

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!