Урматтуу шаардыктар! Биз баарыбыз ковид-19 менен күрөшүүнү улантып, оңой эмес кырдаалда жашап жатабыз. Бирок алдыга жылып, ден соолугубузду бекемдешибиз керек. Сиздерди 30-августта саат 9:00дө өтө турган ден соолук веложүрүшкө чакырабыз.

«Адинай» жаңы паркынын түндүк тарабынан баштап, Ч.Айтматов проспектиси менен жогору чыгып,  «Орто-Сай» айылына чейин барабыз. Ал жактан Байтик-Баатыр жана Токомбаев көчөлөрү менен түшүп, иш-чара башталган жерден жыйынтыктайбыз. Айланма маршруттун узундугу 10 км түзөт.

Шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн велоколоннанын ичинде аралык 1,5-2 метрге сакталып, велосипедчендерди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо шаардык башкармалыгынын үч унаасы жана тез жардам кызматынын бир унаасы коштоп барат.

Урматтуу айдоочулар! Жолдун бир бөлүгү автотранспорт кыймылы үчүн чектетилет. Жол велоколонна өтөрү менен ачылат.

Маанилүү! Велосипедчендер шлем жана башка  коргонуу каражаттарын кийип  келүүсү керек. Аларсыз веложүрүшкө тыюу салынат. Ошондой эле бет кап жана антисептиктериңиздерди унутпаңыздар.

Урматтуу шаардыктар, велоспорт сүйүүчүлөрү! Биз баарыңыздарды күтөбүз!  Чогула турган жер  М. Гшлиессер көчөсү, «Адинай» паркынын түндүк тарабындагы унаа токтотуу жайы.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!